Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолу көчкүдөн тазаланып ачылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖолду тазалоо иштери. Архив
Жолду тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жолго таң эрте 6000 метр куб көлөмүндө кар көчкү түшүп, жолду бууп калган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жааган кардан Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырымына түшкөн көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган жолго таң эрте 6000 метр куб көлөмүндө кар көчкү түшүп, жолду бууп калган.

Жолду тазалоого эки жүктөгүч жана бир бульдозер тартылып, саат 13:45те жол каттамы толук ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0