Бишкекте отургучтардан ВИЧ жуктурулган ийнелер табылуудабы? Милициянын жообу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүШприц. Архив
Шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тууралуу маалымат интернет айдыңында тарап жатат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте көчөлөрдөгү отургучтардан шприцтин ийнелери табылып, аларга атайылап ВИЧ жуктурулганы тууралуу интернет жана мессенджерлер аркылуу маалыматтар тарап жатат. Анда кан болгон ийненин сүрөтү кошо жүктөлгөн.

© © фотографии распространяемые в мессенджерахФотографии скамеек с иглами со следами крови, распространяемые в сети и мессенджерах
Фотографии скамеек с иглами со следами крови, распространяемые в сети и мессенджерах - Sputnik Кыргызстан
Фотографии скамеек с иглами со следами крови, распространяемые в сети и мессенджерах

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы интернетте бул тууралуу маалымат тараары менен укук коргоочулар көчөдөгү отургучтарды текшерип чыкканын айтышты.

"Бул сүрөттөр Бишкекте тартылган эмес окшойт. Себеби тургундар тарабынан бир дагы арыз түшкөн жок. Мындан сырткары, төрт райондун аймактык тескөөчүлөрү сейил бак, сквер, үй короолорундагы бардык отургучтарды текшерип чыгышты, эч нерсе табылган жок", — дешти милициядан.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаным көзүмө көрүнүп турса эмне кылам? Бишкектеги ооруканалардын дайын-дареги
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин коомдун саламаттыгын сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исамилова мындай жол менен ВИЧти жугузуу ыктымалдыгы 0,02 пайызды түзөрүн айтты.

"Таза абада, сыртта турган ийнеден ВИЧ жугузуп алуу коркунучу өтө төмөн. Жуктуруу үчүн жаңы эле коюлган ийнеге иммунитети өтө төмөн адам келип заматта отуруп алышы керек", — деди Исмаилова.

Ал ошондой эле ийнеге жуктурулган вирус таза абада жана күн нурунан бат эле өлүп каларын белгиледи. Анын үстүнө Кыргызстанда мындай жол менен ВИЧ жуктургандар болгон эмес.

Ал эми интернетте тарап жаткан маалыматтарды фейк катары түшүнүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0