Бишкектеги аярламада түкүргөн милиционер табылды. Кандай жазага тартылат

Жазылуу
ШИИБ милиция кызматкерине катуу чара көрүлөт деп ишендирди.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкектеги аярламада тамеки чегип, түкүрүп турган милиционер табылганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Коомдук жайда тартип бузган милиционердин видеосун окурман "Бишкек сегодня" Telegram-каналына жиберген. Ал видеону 7-ноябрда болжол менен саат 12:50лөр чамасында Байтик баатыр менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинен тартып алганын айткан.

ШИИБ аталган окуя боюнча кызматтык териштирүү дайындаган.

"Кызматкердин аты-жөнү такталды. Ал административдик жоопкерчиликке тартылып, катуу чара көрүлөт. Окуянын чоо-жайын этика боюнча комиссиясы карашы керек", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кашкар Жунушалиев милиция элдин ишеничинен кеткенин моюндады
Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик боюнча кодексинин "Жарандардын саламаттыгын тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү" мыйзамын бузгандарга 100-300 сом, кызмат адамдарына 1-2 миң сом айып салынат.

Белгилей кетсек, кийинки жылдан тарта коомдук жайда түкүргөн адамдарга 5,5 миң сом айып салуу мыйзамы күчүнө кирет.

Эгер ушул сыяктуу милиционерлердин кандайдыр бир укук бузууларын көрүп калсаңыз, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефону (0704) 99-99-18 аркылуу кабарлаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0