ЕАЭБде кышкы дөңгөлөк менен жүрүү талабы коюлду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКышкы дөңгөлөктөр. Архив
Кышкы дөңгөлөктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-ноябрда транспорт коопсуздугу боюнча техникалык регламентке түзөтүүлөр күчүнө кирди

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө кыш мезгилинде жайкы дөңгөлөк менен жүрүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Евразиялык экономикалык биримдиктин сайтында айтылат.

11-ноябрдан тарта "Дөңгөлөктүү транспорттун коопсузду жөнүндө" техникалык регламентке жасалган түзөтүүлөр күчүнө кирди. 

"Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө жеңил жана коммерциялык максаттагы жеңил автоунаалардын кышында же башка мезгилде кышкы дөңгөлөксүз пайдаланылышына чектөө киргизет", — деп айтылат маалыматта.

Эми ЕАЭБ аймагындагы жүк ташуучу техникалар, автобустар тайгаланууда колдонгон шаймандар менен камсыздалууга тийиш. 

Анткен менен кышкы дөңгөлөксүз жүргөн автоунаалардын ээси кандай жаза тартылаары белгиленген эмес.

ЕАЭБге беш – кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия кирет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0