Жол эрежесин бузган кыргызстандыктарга "Призма" системасы көз салат

Жазылуу
Жарым жылдын ичинде өлкөдө "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштайт.

БИШКЕК, 12 ноя. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабында "Призма" системасы иштей баштамакчы. Бул тууралуу россиялык ачык типтеги "Концерн радиостроения "ВЕГА" акционердик коомунун башкы директору Сергей Калмыков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Бүгүн, 12-ноябрда, Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик агенттиги менен "Вега" ишканасынын ортосунда атайын келишимге кол коюу иш-чарасы өттү. Анда "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

"Россияда өндүрүлгөн "Призма" системасын биз иштеп чыкканбыз. Бул инновациялык технология сертификациядан былтыр өткөн. Система Россиянын бир катар облустарында тесттен өткөрүлгөн", — деди Калмыков.

Системадагы бардык кемчиликтер текшерүү учурунда жоюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0