Бишкектеги үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт. Сынакка түшкөн эскиздер

© Sputnik / Михаил ДудинМикрорайон Бишкека "Восток-5"
Микрорайон Бишкека Восток-5 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп кабаттуу үйлөрдүн жана жаңы конуштарга салса боло турган тамдардын долбоору сунушталды.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте №105 жана 464-сериядагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн эскиздери көрсөтүлгөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте №105 жана 464-сериядагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн эскиздери көрсөтүлдү
Эскизы новых фасадов домов серий № 105 и 464 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте №105 жана 464-сериядагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн эскиздери көрсөтүлдү

Учурда борбор калаада архитектуралык эки конкурс өтүп жатат. Биринчи сынактын максаты — аталган сериядагы үйлөрдүн жылуулук техникалык абалын жана имараттын дизайнын жакшыртуу. Экинчисиники, жаңы конуштарга салына турчу бир бөлмөлүү үйлөрдүн долбоорун аныктоо болуп саналат. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте №105 жана 464-сериядагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн эскиздери
Эскизы новых фасадов домов серий № 105 и 464 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте №105 жана 464-сериядагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн эскиздери

Конкурс быйыл май айында Кыргызстандын архитекторлор союзу тарабынан жарыяланган. Ага келип түшкөн эмгектерди карап чыккан калыстар экинчи орунду Юрий Смирновдун архитектуралык студиясына ыйгарса, үчүнчү орунга Бейсен Кариевдин чыгармачыл тобу татыды. Биринчи орун үчүн болгон атаандаштык уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0