Бишкекте "Тазалык" таңкы төрттөн тарта иштеп жатат. Видео

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык"Уборка снега на дорогах Бишкека
Уборка снега на дорогах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык кызматы Бишкек шаарында таңдан тарта жааган карды атайын техника менен тазалоодо. Жолдорго таңкы саат төрттөн баштап беш-алты саат аралыгында 92 тонна кум жана 8 тонна туз себилди.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ага 25 атайын техника, карды тазалоочу 18, кум чачкан, кар жүктөгөн жана универсалдуу бир нече автоунаа иштеген.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан жолдор менен тротуарларды тазалоо улана тургандыгын билдиришти.

Автоунаанын кышкы дөңгөлөгү - Sputnik Кыргызстан
Автоунаанын кышкы дөңгөлөгүн алдыңызбы
Тротуарларды тазалоого 740 кызматкер тартылып, шаарды санитардык тазалоодо 113 техника иштеп жаткандыгы кабарланды.

Анткен менен эртең мененки саат тогузда Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү тайгалак болгондугу байкалды.

"Тазалык" ишканасынан жол четинде токтотулган автоунаалар жолду тазалоого тоскоолдук кылгандыгын айтып, аларды алып коюуну суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0