Борбор калаада мода жумалыгы уюштурулат

© Sputnik / Табылды КадырбековНеделя моды Fashion week Kyrgyzstan в Бишкеке
Неделя моды Fashion week Kyrgyzstan в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумалыкта ата мекендик өндүрүшчүлөр менен жаш дизайнерлер ортосунда сынак өткөрүлүп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болот.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте мода жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Майлуу-Суу электр лампа заводунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенүү кыйын! Убагында бул 9 товар Кыргызстандан бүт дүйнөгө тараган
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында 13-16-ноябрь күндөрү ата мекендик өндүрүшчүлөр менен жаш дизайнерлер ортосунда сынак өткөрүлүп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулат.

Андан сырткары, эки күн бою ишкерлер менен мамлекеттик органдардын катышуусунда текстиль-тигүү тармагын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол уюштурулат. Соңунда тийиштүү мекеме жана ишканаларга сунуштар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0