Хакерлер башка бирөөнүн почтасын, социалдык баракчасын бузуп берүүгө даяр. Баасы

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүХакер. Архив
Хакер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүңүнөн сатып алгандарга жеңилдиктер каралган.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Хакерлер бир киши тууралуу маалыматтарды 50 долларга сатууга даяр. Анда кишинин электрондук почтасынын, социалдык тармактагы баракчаларынын сыр сөздөрү жана кандай порносайттарга кирерине чейинки маалыматтар камтылганын "Популярная механика" басылмасы жазды.

WhatsApp мессенжеринин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК телефондон сүйлөшүүлөрдү жаздырып ала баштайбы? Комитеттин жообу
Хакерлер бири-бири менен купуя түрдө маалымат алмашуучу Даркнет сайтында баалар мындан да төмөн. Бул жактан "кызмат сурап" кайрылгандардын басымдуу бөлүгү кишинин электрондук адреси менен сыр сөзүн сурашат. Facebook баракчасын бузуп кирүү бир доллар, компьютерге же серверге аралыктан туруп кирүү беш доллардан 50 долларга чейин турат. Хакерлер комплекстүү түрдө кызмат сатып алгандарга жеңилдиктерди карап, өмүр бою кепилдик берет. Башкача айтканда, сиздин бир аккаунтуңуз иштебей калса, экинчисин бекер беришет.

Алынган маалыматтарды түрдүү колдонсо болот. Мисалы, ал кишинин акчасын колдонуп, анын компьютерине түрдүү вирус программаларды орното аласыз.

Мындай коркунучтардан кантип коргонуу керек? Бейтааныш кишиден почта аркылуу келген программаларды жана файлдарды ачпоо керек. Шек жараткан сайттарга кирбеңиз. Компьютер менен телефонуңузга ишенимдүү антивирус программасын орнотуп алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0