Бишкектен иш издеп жатасызбы? Мэрия 600 жумуш орун сунуштоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш орундары билим берүү, курулуш, кызмат көрсөтүү, соода-сатык жана башка тармактар боюнча сунушталган.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы студенттер менен окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө 600 жумуш орун сунуштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алтын байытуу фабрикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чаткалда Кытай компаниясы алтын кен иштетүүчү фабриканы ишке киргизет
Вакансиялар мэриянын алдындагы Бишкектин жумуш менен камсыз кылуу кызматынын Facebook баракчасына жарыяланды. Текстте жумуш издегендерге коюлган талаптар көрсөтүлүп, кээ бир иш берүүчүлөр канча төлөөгө даяр экендиктерин дагы көрсөткөн.

Иш орундары билим берүү, курулуш, кызмат көрсөтүү, соода-сатык жана башка тармактар боюнча сунушталган.

Кошумча маалыматты 68-02-04 номуру аркылуу дагы алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0