"Бишкек жашыл чарба" жол жээктерине 103 бак отургузду

© пресс-служба мэрии города БишкекПосадка деревьев вдоль улицы Шопокова от улицы Фрунзе до Жибек Жолу
Посадка деревьев вдоль улицы Шопокова от улицы Фрунзе до Жибек Жолу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы отургузулган бак-дарактар үч-төрт жылдан кийин калаадагы көмүр кычкыл газды өзүнө сиңирип алып, кычкылтек бөлүп чыгара баштайт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Шопоков көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнүн Жибек Жолуна чейинки аймагына бак отургузду. Алар келе жаткан жазда жашылданып, шаарга көрк бере баштайт. Бул туурасында борбор калаа мэриясынан билдиришти.

Жалпы жонунан жол жээктерине 103 көчөт отургузулган. Алар 9-10 жылдык бактар, өскөндө бийиктиги үч метрден жогору болот.

Жаңы отургузулган бак-дарактар үч-төрт жылдан кийин калаадагы көмүр кычкыл газды өзүнө сиңирип алып, кычкылтек бөлүп чыгара баштайт. Ошондой эле экологияны гана тазалабастан, шаарга да көрк берип турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0