Президент Көчмөндөр оюнунун ыктыярчыларына алкыш айтат

Жазылуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына жалпыcынан эки миңден ашуун ыктыярчы тартылган.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү саат 10:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Көчмөндөр балдары" аттуу даректүү тасманын бет ачары өтөт. Ага президенттик аппараттын башчысы, вице-премьер, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, кино жаратуучулар жана башка белгилүү инсандар чакырылган. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында мамлекет үчүн үзүрлүү эмгек жараткандарга алкыш баракчалары тапшырылат.

"Көчмөндөр балдары" даректүү тасмасын тартуу идеясын алгач Адилет Дубаев сунуштап, аны ДКОну даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы колдоого алган. Кинону баштан-аяк "Марк Твейн" жана "Planet III Production" компаниялары даярдап чыкты. Тасмада көрүнбөгөн фронттун баатырлары, Көчмөндөр оюндарында татыктуу эмгек жараткан төрт ыктыярчы тандалып, алардын көз карашы аркылуу ыктыярчылардын жумушу чагылдырылат. Анын башкы өзөгү — жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо. Хронометраж 50 мүнөттү түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Дважды чемпион Азии по женской вольной борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчулар "Даңк" медалы менен сыйланды
Иш-чара даректүү тасманы көрүү менен бирге ыктыярчыларга мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун атынан "ыраазычылык баракчасын" тапшыруу аземи жана чакан концерттик программа менен коштолот.

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк оюндарына жалпыcынан эки миңден ашуун ыктыярчы тартылган. Алар уюштуруу, конокторду тосуп алуу, ачылыш жана жабылыш аземдеринде бийлөө жана башка иштерге кол кабыш кылуу иштерин аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0