Жума күнгө карата аба ырайы

Жазылуу
Бешинчи күнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 9-ноябрь, жума күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коммуналдык кызматтар майрам күндөрү да иштейт
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9 градус, Таласта +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10 градус жылуу болушу күтүлөт. Нарын аймагында 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу болсо, Ысык- Көлдө +1…+6 градус жылуу болушу болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ош шаарында күндүн табы +8…+10, Бишкекте +4…+6 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0