Абылгазиев суу каптаган балдар хосписи боюнча мэрге тапшырма берди

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен ысык суу кеткен түтүк жарылып, Бишкектеги балдар хосписинин биринчи кабатын жана жер төлөсүн суу каптаган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Биринчи балдар хосписи" коомдук кайрымдуулук фондуна жардам көрсөтүү боюнча Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго тапшырма берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-ноябрда, эртең менен ысык суу кеткен түтүк жарылып, имараттын биринчи кабатын жана жер төлөсүн суу каптаган. Анын кесепетинен ичиндеги эмерек жана техника жарактан чыгып, бөлмөлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүү зарылчылыгы жаралган. Мындан улам социалдык тармакта хосписке жардам көрсөтүү демилгеленген.

"Өкмөт башчы борбор калаанын муниципалитетине балдар хосписиндеги авариянын кесепетин жоюу жана тийиштүү жардам берүү боюнча тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта.

"Биринчи балдар хосписи" коомдук кайрымдуулук фонду оор илдеттен жапа чеккен балдар менен үй-бүлөлөргө медициналык, материалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүү менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0