Уйку менен эмчек рагынын эмне байланышы бар? Окумуштуулардын жаңы ачылышы

Жазылуу
Адистер 400дөй аялдын генетикалык маалыматына саресеп салып, алардын ден соолугуна байланышкан жыйынтыктарды чыгарышкан.

БИШКЕК, 8-ноя — Sputnik. Эрте уктап, эрте турган аялдар эмчек рагынан 40-48 пайызга оолак болушат. Бул туурасында BBC жазды.

Бристоль университетинин окумуштуулары 400дөй аялдын генетикалык маалыматын изилдеп, уйкуга байланышкан көйгөйлөргө басым жасаган. Анализдин жыйынтыктары эмчек рагына канчалык таасир этээрин көрсөткөн.

Тестке ылайык, өтө аз уктаган 100 аялдын экөө эмчек рагы менен жабыркаган. Ал эми эрте туруп, эрте уктаган 100 аялдын бирөө гана аталган илдетке кабылган.

Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу - Sputnik Кыргызстан
Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу
Ошондой эле окумуштуулар көп уктоо дагы ден соолукка терс таасирин тийгизе турганы айтышкан. Тагыраагы, 7-8 сааттан көп уктаган аялдар эмчек рагын 20 пайызга көбөйтүп алат.

Изилдөөнү жүргүзгөн Ребекки Ричмонддун айтымында, мындай ачылыш уйкуну көзөмөлдөө үчүн абдан зарыл. Бирок азырынча аялдарга сунуш кылуу эрте. Анткени эмне себептен уйку эмчек рагынын клеткаларына таасир эте турганын дыкаттык менен аныктоо керек.

Эксперттердин айтымында, Бристоль университетинин окумуштууларынын ачылышы уйку ден соолуктун булагы деген пикирди бекемдеп турат. Басылмада буга чейин да окумуштуулар уйку адамдын психологиялык абалына таасир этип, шизофрениянын өөрчүшүнө алып келишин аныктаганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0