Коммуналдык кызматтар майрам күндөрү да иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операторлор 7:30дан 19:00га чейин келген чалууларды кабыл алат

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Майрам күндөрү коммуналдык кызматтар штаттык тарипте иштей турганын Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Жылуулук жана жылуу суу менен камсыздоого байланыштуу суроолорду тез чечүү үчүн "Бишкекжылуулук тармагы" ишканасынын Кардарларды колдоо борбору иштейт.

Ага ылайык, борбордун операторлору 7:30дан 19:00га чейин түшкөн чалууларды кабыл алат.

Маршруткадан түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: жүргүнчүлөрдү туура эмес жерден салып, түшүргөндөргө чара көрүлөт
Жылуулук жана жылуу суу менен камсыздоого байланышкан суроолор болсо, төмөнкү телефондорго коңгуроо каксаңыз болот:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору — (0312) 61-11-69, кыска номер — 1980;

Борбордук райондун нөөмөттөгү инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;

Түштүк районунун нөөмөттөгү инженери — 51-06-22, 21-74-06;

Диспетчердик кызмат — 56-85-58;

"Бишкексууканал" — 56-03-20;

Бишкек мэриясынын телефон чалуу борбору —185 жана 1840 (күнү-түнү).

Жаңылыктар түрмөгү
0