Жээнбеков: коррупцияга каршы күрөштө журналисттердин колдоосуна таянабыз

Жазылуу
Мамлекет башчы журналисттер дүйнөгө Кыргызстандын позитивдүү жактарын чагылдырууга активдүү көмөктөшөрүнө ишеним арткан.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттердин кесиптик майрамы, Кыргызстандын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы жалпыга маалымдоо каражаттарысыз мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу механизмин элестетүү мүмкүн эместигин белгилеген.

"Маалымат жана басма сөз чөйрөсүнүн урматтуу кызматкерлери! Кымбаттуу журналисттер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Өлкөнү өнүктүрүүгө жана кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыз кылууга, бардык мамлекеттик башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосун баалайбыз жана ага таянабыз", — деди президент.

Жээнбеков журналисттер дүйнөлүк коомчулукка өлкөнүн позитивдүү жактарын чагылдырууга активдүү көмөктөшөт деп ишеним артаарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0