Студент каза болгон түнкү клубга кандай чара көрүлөт? Юристтин пикири

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүТүнкү клубдагы жаштар. Архив
Түнкү клубдагы жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам боюнча түнкү клуб жана башка көңүл ачуучу жайлардын кызматкерлери өспүрүмдөрдүн улуу кишилердин көзөмөлү жок жүрүшүнө бөгөт коюшу керек.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мушташтан каза болгон 17 жаштагы студенттин окуясынан кийин жашы жете элек балдарды киргизгени үчүн Бишкектеги түнкү клубдун жетекчилиги айыпка жыгылышы ыктымал. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине юрист Назгүл Жангазиева айтып берди.

Милициянын маалыматы боюнча 28-октябрга караган түнү эс алып жүргөн эки улан бир жигитти ур-токмокко алышкан. Жыгылган бала башы менен тепкичке тийип, алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Шектелген эки жигит Октябрь райондук сотунун чечими менен тергөө бүткөнчө, эки айга камалды.

"КРдин Жарандык кодексинде белгиленгендей, 18 жаштан кийин гана жашы жеткен жаран болуп эсептелет. Ал эми жашы жете элек балдардын саат 22.00дөн 6.00гө чейин коомдук жайларда улуу кишилердин көзөмөлүсүз жүрүшүнө тыюу салынат", — деди Жангазиева.

Түнкү клубда каза болгон студенттин мушташы видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Түнкү клубда каза болгон студенттин мушташы видеого түшүп калган
Юристтин айтымында, түнкү клуб жана башка көңүл ачуучу жайлардын кызматкерлери өспүрүмдөрдүн улуу кишилердин көзөмөлү жок жүрүшүнө бөгөт коюшу керек.

Милиция түнкү клубдарга, компьютердик клубдарга жана көңүл ачуучу жайларга рейд жүргүзүп, жашы жете элек балдарды текшерүүгө алат. Мыйзам бузган жайлардын жетекчилиги 1000-1500 сомго айыпка жыгылат. Ал эми ата-энелерине 500 сом айып пул салынат.

Белгилей кетсек, өлкөдө жаш курак боюнча чектөө коюп, 21ге чыга элек улан-кыздарды киргизүүгө тыюу салган түнкү клубдар да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0