08:48 21 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8310
  • EUR79.8168
  • RUB1.0647
Экс-депутат Өмурбек Бабановдун архивдик сүрөтү

Бабановдун аргымактарынан тышкары дагы эмнеси бар? Тизме

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
147210

Былтыр Өмүрбек Бабанов 1,3 миллион сом таап, 11,4 миллион сом коротконун айткан.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Өмүрбек Бабановдун киреше жана чыгашасы тууралуу декларациясын жарыялады.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов улут аралык жаңжалды козутууга айыпталып, ага карата кылмыш иши козголгон. Саясатчы ал маалда өлкө аймагында болгон эмес, кийинчерээк саясаттан кетип, Жогорку Кеңеш депутатынын мандатынан баш тарта турганын жар салган. Андан кийин бир иши боюнча тергөө токтотулган.

Декларацияга ылайык, Бабанов былтыр 1,3 миллион сомдон ашыгыраак акча таап, 11,4 миллион сом короткон. 324 чарчы метрлик үй менен жер тилкесине жана Lexus LX 570 унаасына ээлик кылат.

Мындан тышкары, 4,3 миллион сомго бааланган жылкыларды кармайт. Банк эсебинде 2,6 миллион сому бар. Ал эми кыймылдуу мүлкү 210,4 миллион сомго бааланганы айтылат.

Бабановдун жакын туугандары 9,5 миллион сомго чукул каражат тапкан. Менчигинде батир жана Toyota Land Cruiser Prado унаасы бар. Андан тышкары, баалуу кагаздар менен башка байлыгы 194,5 миллион сомго чамалап барса, акциялары 272,8 миллион сомду түзөт.

Буга чейин депутат Асылбек Жээнбековдун декларациясы жарыяланган.

Тема боюнча

Сооронбай Жээнбеков менен анын туугандарынын байлыгы жарыяланды
Бир жылда 4 млн. сом айлык алган. Маянасы көп аткаминерлердин тизмеси
Белгилер:
аргымак, декларация, Өмүрбек Бабанов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ