Транспорт министрлиги бардык автоунаалардын кышка даярдыгын текшерет

Жазылуу
Ашууларга жакын жерде атайын бригада нөөмөттө турат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги оор жүк ташыган автоунаалар менен жеңил машиналардын кышка болгон даярдыгын текшерет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, автоунаалардын кышкы дөңгөлөгү, тайгактан сактай турчу чынжырынын бар-жогуна көңүл бурулат.

"Транспорт жана жолдор министрлигинин тапшырмасы менен "Төө-Ашуу", "Ала-Бел", "Көк-Бел" жана "Өтмөк" ашууларында ӨКМдин, ЖККББдин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана №9 жол башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган атайын топ нөөмөткө тартылууда. Алар керектүү жабдуулар менен камсыздалган", — деп айтылат маалыматта.

Мындай чаралар Бишкек — Ош автоунаа жолундагы ашууларда жана бийик тоолуу аймактардагы коопсуздукту сактоо максатында ишке ашырылууда.

Маалыматта дөңгөлөгү алмаштырылбаган автоунаалар ашууларда жол тыгынын пайда кылып, башкалардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0