Sputnik уюштурган шахмат турниринин жеңүүчү журналисттери аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель Sputnik Кыргызстан Елена Череменина во время вручения кубка победителю шахматного турнира среди представителей СМИ, корреспонденту "Комсомольской правды" Чингису Аджиматову
Руководитель Sputnik Кыргызстан Елена Череменина во время вручения кубка победителю шахматного турнира среди представителей СМИ, корреспонденту Комсомольской правды Чингису Аджиматову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге өлкөдөгү алдыңкы медиалардын 18 өкүлү катышты.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу ЖМКлар арасында шахмат боюнча турнир өткөрдү.

Ага өлкөдөгү алдыңкы медиалардын 18 өкүлү катышты. Арасында КТРК, КТРК Sport, ОТРК ЭлТР, "Мир" телеканалы, СТВ, "Манас" радиосу, "Марва ТВ", "Комсомольская правда", "Азия news", "Жибек жолу" гезиттери, "Кабар", AКИpress жана Sputnik Кыргызстан агенттиктеринин өкүлдөрү бар.

Турнирдин жыйынтыгында "Комсомольская правда" гезитинин кабарчысы Чыңгыз Ажыматов 7:0 эсеби менен биринчи орунду алды. Экинчини КТРК Sport каналынан келген Канай Аламанов (6:0) илип кетти. Ал эми үчүнчү орун "Азия news" гезитинин спорт кабарчысы Сурат Жылкычиевге (5:0) буюрду.

"Биздин турнирге колдоо көрсөткөн Кыргызстандын Шахмат федерациясына жана анын президенти Милан Турпановго, республиканын учурдагы чемпиону Диана Өмүрбековага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чараларды жыл сайын уюштурууга аракет кылабыз", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.

Ал эми турнирдин жеңүүчүсү Чыңгыз Ажыматов мелдеш жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

"Мен сегиз жашыман бери шахмат ойнойм, атам үйрөткөн. Мындай турнирге биринчи ирет катышып жатам. Уюштуруучу Sputnik Кыргызстан агенттигине ыраазычылык билдирем. Утам деп ойлогон деле эмесмин, болгону редакциянын намысын коргоюн деп келгем. Кесиптештерим SMS-билдирүү жиберип колдоп турушту", — деди Ажыматов.

Ал эми экинчи орундун ээси Канай Аламанов мындай таймаштар кесиптештер ортосундагы мамилени жакшыртарын айтты.

"Журналисттер күнүнө карата ушундай турнир өткөрүп жатканыңарга абдан кубанычтамын. Биз ар дайым жумуш үстүндө жолугушабыз, ал эми бүгүн болсо кенен отуруп шахмат ойнодук. Бул жөн гана турнир эмес, бул кесиптештер менен жакындан таанышып достук мамилени чыңдоого түзүлгөн мүмкүнчүлүк", — деди Аламанов.

Кыргызстандык кыздар Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утушту - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык шахматчы кыздар дүйнөлүк олимпиададан алтын утуп кайтышты
Мелдеш Шахмат федерациясынын колдоосу менен FIDE эрежеси боюнча, швейцариялык система менен жети турда өттү (ар бир оюнчуга 10 мүнөт берилип, ошол убакыт бүткөндөн кийин оюн соңуна чейин бир жүрүшкө 5 секунддан берилет).

Жеңүүчүлөр Sputnik Кыргызстан агенттигинин кубогу, диплом жана байгелер менен сыйланды.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0