Кыргызстандыктар Европанын дагы бир өлкөсүнө визасыз бара алат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВиды города Белград
Виды города Белград - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар визасыз 90 күн жүрө алат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Сербия эки өлкө ортосундагы жалпы жарандык паспорт ээлерине киргизген виза тартибин жоюу боюнча келишимге кол койду. Документ 2018-жылдын 8-ноябрынан тарта күчүнө кирерин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстан соода-сатык кылган негизги 10 мамлекет - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан соода-сатык калган 10 өлкө: төрт жылда абал кандай өзгөрдү
Мурдагы келишимге 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган. Эми эки мамлекеттин жарандары 90 күндөн ашпаган визасыз тартиптен бошотулат.

Бул соода-экономикалык алаканы, инвестициянын келишин активдештирип, туризм тармагын бекемдейт.

Бүгүн кыргызстандыктар визасыз тартип менен дүйнөнүн 63 өлкөсүнө бара алат

Жаңылыктар түрмөгү
0