Педиатр: баланын дене табын арак менен түшүрүүгө болбойт

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в России
Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер арактын ордуна кадимки сууну сунуштайт.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Баланын дене табын арак менен түшүрүүгө болбойт. Бул тууралуу Минск шаарындагы балдар ооруканасынын бөлүм башчысы Дмитрий Чеснов Sputnik Белоруссия агенттигине билдирди. 

"Ибупрофен, парацетамол тобуна кирген дене табын түшүрүүчү дары-дармектер ар бир үйдө бар. Бирок айрым энелер кыйналып турган балага жардам берем деп денесине арак сүртөт. Бул туура эмес. Анткени бала ооруп турганда организмден суу көп кетип калып, тери анын ордун толтуруш үчүн эмне тийсе дагы аны соруп алат. Натыйжада арак организмге кирип, бала кадимкидей мас болот. Өзүңөр элестетип көргүлө, ансыз да жаны кыйналып турган баланын ошондогу абалын", — деди Чеснов.

Больница Марии Ланнелонге в Париже - Sputnik Кыргызстан
Кызылчадан бир наристе чарчап калды. Балдарды тооруп турган илдет тууралуу
Андыктан дарыгер арактын ордуна сууну колдонууну сунуштайт. Мисалы, сүлгүнү жылымык сууга малып баланын төшүн, курсагын, далысын жана жамбашын сүртүп чыгуу керек.

Педиатрдын айтымында, бөбөктүн дене табы 38,5 градуска жеткенде чара көрүү зарыл. Андыктан, температураны түшүрүү үчүн дары-дармек колдонууга туура келет. Бирок айрым учурда дене табы 37,6 градус гана болуп турса деле бала абдан кыйналат. Эки учурда тең тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0