Ырчы Нурлан Насип: ырчы болбосом, молдо болмокмун

© Sputnik / Табылды КадырбековПопулярдуу ырчы Нурлан Насип маек учурда
Популярдуу ырчы Нурлан Насип маек учурда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Нурлан Насип тойду негизги киреше булагым деп айтуудан уялбайт. Күз мезгилинде аткаруучуга күнүнө 10 тойго чейин чакыруу түшөт. Айрымдарына 500 доллардан кем ырдабаса, кээ биринин жакшылыгында өнөрүн бекер эле тартуулап берет.

Токтогулдук ырчы Sputnik Кыргызстан агенттигине айылда жүгөрү терип, мал карап чоңойгон балалыгы, шаарга келгендеги кыйын күндөрү жана жубайы экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу айтып берди.

— Күз, той-топурдун кызып турган кези. Ырчы-чоорчулар да үйгө отурбай калса керек. Бир күндө канча тойго чакыруу түшүп жатат?

— Ар кандай, кээде бир эле күндө 10 жакшылыкка барсак, айрым учурда бир дагы тойго чакыруу түшпөй калат. Ош, Жалал-Абадга чакыргандар көп болгондуктан, убактымдын көбү эле жолдо өтөт. Бишкек менен Оштун ортосунда эле жүрөм.

— Сыр болбосо гонорарыңыз канча?

— Ал сумманы коомчулукка  ачык  айткым келбейт. Себеби колунда барларга ал акча аз сезилсе, жөнөкөй элге көптөй туюлуп, айрымдары "ырчылар жыргап эле жүрүшөт" деп айтышат экен. Негизи гонорарым ар кандай, 300-500 долларга чейин. Аймактарга 1000 доллардан чыгам. Бирок бардыгынан андай сумма албайм, анткени арасында акча каражаты аз, бирок "сизди үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз, тоюбузда ырдап кетиңиз" деп сурангандар болот. Аларга арзан, кээ бирине бекер деле ырдап кетебиз. Биздин баа деле элдин шартына жараша коюлат. Башка мамлекеттердикине караганда Кыргызстандын ырчыларынын гонорары аз эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурлан Насип: Биздин баа деле элдин шартына жараша коюлат. Башка мамлекеттердикине караганда Кыргызстандын ырчыларынын гонорары аз эле.
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Насип: Биздин баа деле элдин шартына жараша коюлат. Башка мамлекеттердикине караганда Кыргызстандын ырчыларынын гонорары аз эле.

— Тойду негизги киреше булагым деп айта аласызбы?

— Кээ бир ырчылар "мен той ырчысы эмесмин" деп бөлүнүп калганын байкайм. Жашырганда эмне, бирок чындап эле той биздин негизги киреше булагыбыз болуп калды. Замандын агымына жараша жашайт экенсиң да. Мен деле тойго ылайыктуу эмес ырларды жазып, аткарып жүрөм. Бирок аны эл бир-эки жолу угат да унутат, кабыл албайт экен. Ошондуктан азыркы ырчынын баары тойго ылайыктуу бир-эки ыр, чыгармачылыкка ылайыктуу бир-эки ыр жаздырып калышты. Тойдон тапкан акчага клип тартып, концерт коюп жатабыз.

— Мамлекеттик салык кызматы патент төлөбөгөн ырчы-чоорчу, тамада, сүрөтчүлөргө рейд жүргүзүүнү баштады эле. Сиз ага кандай карайсыз?

— Патентти төлөп коюп ырдап жатабыз. Патент төлөө негизи туура деп эсептейм.

— Ырчылык менен эле алектенесизби же андан башка да эл билбеген өнөрлөрүңүз барбы?

— Ырчылык, обончулуктан башка өнөрүм деле жок. Бирок кичинемде динге кызыгып, медресеге тапшырайын деген ой бар болчу. Балким ырчы болбосом, молдо болмокмун. Мектепте окуп жүргөн кезде беш убак намаз окуп, айылдагы имамдын жакшы окуган окуучуларынын бири элем. Бирок чыгармачылык деген өзүнчө оору экен. Жан дүйнөмдү түп-тамыры менен башка нукка буруп кетти. 

© Фото / Назира БактыбековаЫрчы: Мектепте окуп жүргөн кезде беш убак намаз окуп, айылдагы имамдын жакшы окуган окуучуларынын бири элем.
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Ырчы: Мектепте окуп жүргөн кезде беш убак намаз окуп, айылдагы имамдын жакшы окуган окуучуларынын бири элем.

— Бала чагыңыз тууралуу да айтып берсеңиз. Кандай үй-бүлөдө чоңойдуңуз эле?

— Бала чагым Токтогул районунун Терек-Суу деген айылында өткөн. Беш бир тууганмын. Атам айылда инженер болуп иштеди, апам башталгыч класстардын мугалими болчу, пенсияга жакында эле чыкты.

Үй-бүлөбүз менен чыгармачылыкка жакынбыз. Атам аккордеон, комуз чертчү. Эртең менен баарыбыз комуздун же аккордеондун кайрыгы менен ойгоноор элек. Чоңойгондо атамдын жанын койбой жүрүп эки музыкалык аспапты тең үйрөнүп алгам.

Алтынчы классымда акын Бактыгүл Чотурованын "Туулган жер" деген ырына обон жазып үйдөгүлөрдү таң калтырып, кубанттым эле. Апам конок келсе эле "балам өзү обон чыгарды" деп ырдата берчү (күлүп).

— Демек, чыгармачылыкка болгон кызыгуу кичине кезде эле башталган турбайбы. Бишкекке келгенде кыйналдыңызбы?

Ырчы Назгүл Токтакунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Токтакунова: намысыма тийген жигит "эжелеп" кечирим сураганда жайына койдум
— 9-классты бүткөндө Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырдым. Жашоонун кыйынчылыгы ошондо башталды. Жатаканада жашачумун, ата-энем бир айга 200-500 сом салат. Ошол акчаны бир айга жеткириш керек болчу. Троллейбус менен сабакка барып келип, курсагым тое тамак деле жечү эмесмин. Ал кезде үйдөгүлөр да кыйналып, акча тартыш кез эле. Акчанын тартыштыгынан экинчи курстан баштап шаардан жумуш издеп баштап, эң алгач "Дасмия" кафесине официант болуп орноштум. Ал жактан күнүнө 300 сомдой тапчумун. Кийинчерээк ошол эле кафеге кароолчу болуп кирдим. "Дасмиянын" унаа айдаганды үйрөткөн мектеби бар эмеспи, ал жакта күнүгө кирип-чыккан унаалар кароолчуга акча таштачу. Ошентип кароолчудан 700, официант болуп 300 сом алып күнүнө 1000 сомдон акча таба баштадым. Кенен-кесир басып, каалаган тамагымды жеп дегендей, кантип акча табышты ошентип үйрөнгөм. Акчаны бейчеки чачпай, сарамжалдуу колдоноор элем, өзүмөн ашырып ата-энеме да салчумун. 
© Фото / из личного архива Нурлана НасипаБала чагым Токтогул районунун Терек-Суу деген айылында өткөн. Беш бир тууганмын. Атам айылда инженер болуп иштеди, апам башталгыч класстардын мугалими болчу, пенсияга жакында эле чыкты. (Отурган Нурлан Насип)
Певец Нурлан Насип  - Sputnik Кыргызстан
Бала чагым Токтогул районунун Терек-Суу деген айылында өткөн. Беш бир тууганмын. Атам айылда инженер болуп иштеди, апам башталгыч класстардын мугалими болчу, пенсияга жакында эле чыкты. (Отурган Нурлан Насип)

— Кара жумушта да иштеп, турмуштун кыйынчылыктарын көргөн турбайсызбы?

— Айылда кара жумуш жасап чоңойгон эле баламын. Жайы менен чемичке, жүгөрү, картошка айдап, күзүндө ошолорду сатып мектепке даярданчубуз. Мээнет кылып тапкан акча берекелүү болот экен.

— Шоу-бизнеске аралашкан да оңой болбосо керек?

— Мен окууга жаңы тапшырып келген жылы Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков, Ильяз Абдразаков деген ырчылар топ жарып, шоу-бизнесте чоң бурулуш жасашты, жаштарга жол ачты. Аларды көрүп биз дагы алдыга умтула баштадык. Албетте, сахнага чыгып эле атактуу болуп кеткен жокпуз. Кээ бир ырчылар (аттарын атабай эле коеюн) концерттеринде ырдатпай да койгон учурлар болгон. Шагым сынып, баарын таштап салган жокмун, тескерисинче чыйралдым. Ырчылар ошентип концерттерде ырдатпай койгондо продюсерим Канат Кадыржан: "Бир аз чыдап тур, ушул адамдар сенин концертиңе келип ырдаганга зар болушат",- деп айтчу эле. Ал күндөр да келди.

— Алдыда кандай пландарыңар бар?

— Замандан артта калбай иштеп жатабыз, кичине иштебей калсаң эле артта келе жаткандар сени жөн эле басып кетишет. Алдыда Казакстандын рыногуна чыксам, кыргыздын ырларын Казакстанга да жайылтсам деген ой-тилектер бар. Анткени эмнегедир Кыргызстанда казактын хит ырларын бүт билишет, анча-мынча ырчыларын тааныйт. Ал эми Казакстанда биздин ырлар андай популярдуу эмес. Убагында Кайрат Нуртас деле Кыргызстанга таанылыш үчүн Бишкек, Балыкчыны кыдырып, афишаларын көчөмө-көчө өзү чаптап чыкчу. Концертине 10-15 эле киши келип жүрүп бара-бара Кыргызстанга таанылган. Биз деле ошол сыяктуу Казакстанга акырындык менен чыга беришибиз керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы: Кезинде айрымдар концерттеринде ырдатпай койгон учурлар болгон. Продюсерим Канат Кадыржан "бир аз чыдап тур, ушул адамдар сенин концертиңе келип ырдаганга зар болушат" деп айтчу эле. Ал күндөр да келди.
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Ырчы: Кезинде айрымдар концерттеринде ырдатпай койгон учурлар болгон. Продюсерим Канат Кадыржан "бир аз чыдап тур, ушул адамдар сенин концертиңе келип ырдаганга зар болушат" деп айтчу эле. Ал күндөр да келди.

— Сиздин эл аралык сынактарга катышканыңызды көрө элекпиз…

— Менин үнүм негизи сынактарга ылайык эмес, элдик ырларга чукул. Ырчылардын үнү сынактарга, элге ылайыктуу деп бөлүнөт эмеспи. Мисалы, сынактарга ылайыктуу ырды эл көп жактырбайт. Ошол эле казак ырчысы Димаш Кудайбергеновду алалы. Казакстан баалабай койду эле, Кытайга сынакка барып келгенден кийин атагы чыкты.

Мен башынан эле кароо-сынактарга кызыкпаптырмын. Анын үстүнө атың чыгып калгандан кийин "кокус жеңилип калсамчы" деп да уялат экенсиң.

— Тойлорго көп барган адамда кызыктуу окуялар да көп катталса керек?

Звезда отечественной эстрады Мирбек Атабеков - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков "Мурас" ыры, пара бергени, Instagram баракчаcындагы жубайы тууралуу
— Ооба кызыктуу учурлар көп эле болот. Бир жолу менеджерим экөөбүз бир күнгө аябай көп, 10го чукул тойго чакыруу алып алыптырбыз. Улам бирине барып ырдап кетип жаткам. Тизмени карасак, эки той жанаша жайгашкан кафеге жазылыптыр. Биринчисинен ырдап чыгып экинчисине кирдим. Ырдап жатып менеджерди карасам бети кызарып маанайы жок. Ырдап бүткөн соң той ээси жаныма келип "чоң рахмат, бирок биз сизди чакырган эмеспиз" дейт. Эмне деп айтаарымды билбей кызыктай болуп туруп калдым. Бирок коноктор аябай тосуп алышкан, той ээси да "көп акчабыз жок" деп көйнөк кийгизип кетиргени эсимде.

Дагы бир жолу ишкер байке "Гүлнур Сатылганова экөөңөрдү чакырып жатабыз, келип тойдо ырдап берип кеткиле" деп чалып калды. Айткан дарегине бардык. Тамада менин атымды айтып, залга кирип барсам эки эле киши отурат. Эмне кыларымды билбей туруп калдым. Көрсө, ал кишилер Казакстандан келип эс алып жатышыптыр. Мен эле эмес, көп эле ырчыны ошентип ырдатышыптыр. Окуучу экзамен берип жаткан немедей эптеп ырдадым да, акчамды алып кетип калгам. Ошондо да бир кызыктай абалда болдум.

© Фото / Нурмухаммед СариевАсел экөөбүз таанышканыбызга жети жыл болду. Бек Борбиевдин концертине даярданып жүрүп таанышканбыз. Башында бири-бирибизди жактырбай жүрдүк. Кийин Бишкекке келгенде мамилебиз жакындап, сүйүүгө айланып кетти.
Известные кыргызские исполнители Нурлан Насип и Асел Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
Асел экөөбүз таанышканыбызга жети жыл болду. Бек Борбиевдин концертине даярданып жүрүп таанышканбыз. Башында бири-бирибизди жактырбай жүрдүк. Кийин Бишкекке келгенде мамилебиз жакындап, сүйүүгө айланып кетти.

— Жубайыңыз Асел Кадырбекова менен кайдан тааныштыңар эле? Сүйүү баяныңар тууралуу да кыскача айтып берсеңиз.

— Асел экөөбүз таанышканыбызга жети жыл болду. Бек Борбиевдин концертине даярданып жүрүп таанышканбыз. Бек байкенин концертинде "Жаңы жыл" деген ырды көп ырчы хор ырдамак, арасында мен, Асел дагы бар экен. Ага чейин анын сүрөтүн тааныш балам көрсөтүп, "жакшынакай экен" деп жактырып жүргөнүн айтып калчу. Анда көп деле маани бербептирмин. Кийин концерт коюп, түштүк тарапка гастролго чыкмак болдук. Продюсер Канат Кадыржан кыздардан дагы кошолу деп Аселди алганын айтты. Ал жакта жүргөндө башында бири-бирибизди жактырбай жүрдүк. Кийин Бишкекке келгенде мамилебиз жакындап, сүйүүгө айланып кетти.

— Келинчегиңердин кайсы сапатын баалайсыңар?

— Жубайым боорукер, чыдамдуу, менин мүнөзүмдү жакшы түшүнгөн, чечкиндүү, аракетчил, эмгекчил, айтор жакшы адам. Бардык сапатын баалайм.

— Үлпөт тоюңарда жубайыңыз кийген көйнөктү коомчулук катуу талкуулады окшойт…

— Эми ал көйнөктү канчага алсам дагы жубайыма чын жүрөгүмөн алып бердим. Анткени ар бир эркек сүйүктүүсү эмне кааласа ошону алып бериш керек. Каражат жол берип жаткандан кийин өмүрүндө бир келген үлпөт тойдо сүйүктүүм "ошондой көйнөк кием" деди, акчамды аяган жокмун. Динде, никеде дагы аялыңдын каалаганын алып бериш керек деген нерсе бар экен.

— Соцтармак сиз үчүн канчалык маанилүү?

— Азыр ансыз жашоо болбой калды го. Жумуштун баары соцтармак аркылуу бүтөт. Ошондуктан соцтармак менин жашоомдо маанилүү эле роль ойнойт. Атама дагы өзүнчө баракча ачып берип койгонбуз. Апам болсо ар кандай пикирлер жазыла бергендиктен көп кирбейт, мен дагы кирбей эле коюңуз деп сунуштагам.

Жаңылыктар түрмөгү
0