КВНчи Маратик менен муфтий Максат ажынын спорт залдагы сүрөтү

© SputnikМуфтий мусульман КР Максат ажы Токтомушев
Муфтий мусульман КР Максат ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттү Жуманалиев өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Муфтий Максат ажы Токтомушевдин "Азия Mix" КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) менен спорт залда түшкөн сүрөтү социалдык тармакка тарады.

Сүрөттү Жуманалиев өзүнүн Instagram баракчасына бүгүн, 3-ноябрда жүктөгөн. 

Анда Токтомушев кара шым менен ак футболка, бутуна ботас кийип турганын көрүүгө болот.

Муфтий Максат ажы Токтомушев буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде бош убактысында спорт залга барып ден соолугун чыңдап турарын билдирген.

Белгилей кетсек, Марат Жуманалиевдин бою 2 метр 12 сантиметр.

Жаңылыктар түрмөгү
0