Жээнбеков: Айтматовдун алтын балалыгы Сулайман-Тоонун этегинде өткөн

Жазылуу
Ош шаарында Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу иш-чара өтүүдө.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында" аттуу иш-чарада улуу жазуучунун балалык чагы Сулайман-Тоо менен Ак-Буура дарыясынын боюнда өткөнүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Күнөстүү Ош менен Айтматовдун тагдыры да, үй-бүлөсүнүн тарыхы да бекем байланышкан. Мына ушул байыркы шаарда, Сулайман-Тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган. Атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы болгон", — деди Жээнбеков.

Президент, ошондой эле, Айтматовдун өмүр таржымалын изилдеген окмуштуулар Ош шаарынан көптөгөн кызыктуу фактыларды тапса болорун айтып, жазуучу элин, өлкөсүн жана эне тилин чын дилден сүйгөнүнө токтолуп, ага бүт өмүрүн, зор талантын, чыгармачылык дараметин арнаганын кошумчалады.

Выпуск коллекционной монеты 90-летие Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун урматына коллекциялык тыйын чыкты. Сүрөтү окшошот бекен?
Белгилей кетсек, улуу жазуучунун мааракесине арналган иш-чаралар Бириккен Улуттар Уюмунда дагы уюштурулду. Түрксой уюму быйылкы жылды "Айтматов жылы" деп жарыялады. Андан сырткары, Түркияда, Өзбекстанда, Россияда, Казакстанда, Азербайжанда Чыңгыз Айтматовдун мааракеси мамлекетик деӊгээлде белгиленди.

Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, Жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0