Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети жазга чейин жабылды

Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстандын чегинде 12 көзөмөл өткөрүү пункту жайгашкан, бирок анын сегизи гана иштейт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Каркыра" көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Аталган өткөрүү бекетинин иши 2019-жылдын 1-майында жаңырмакчы.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан "Каркыра" бекети  аба ырайы жылуу мезгилде гана, тагыраагы, май айынан октябрь айына чейин ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0