Самара Каримова буюрбаган директорлук тууралуу. Училищедеги жыйындан видео

© Фото / Facebook / Samara KarimovaДиректор Ошского государственного музыкального училища Самара Каримова
Директор Ошского государственного музыкального училища Самара Каримова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы жыйын учурундагы видеосун өзүнүн Facebook баракчасына 1-ноябрда жарыялаган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык училищесине директор болуп, бирок бир жумадан кийин кызматтан кол жууган Самара Каримова Instagram баракчасына пикирин билдирип, ар бир нерсе Кудайдан экенин жазган.

"Өнөр адамы катары музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зериккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун! Тобокелге салып, меценат тартып, проект жазып 2 жылда гүлдөтүп коймокмун. Ойчулдун ою бүткүчө, тобокелчинин иши бүтчү эле… Мейли, насип деген нерсе бар!" — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, 24-октябрда Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо боюнча министрдин милдетин аткарган статс-катчы Бакыт Секимовдун буйругу чыккан

Ал эми министр Азамат Жаманкулов Каримованы кызматка дайындоо боюнча буйрукту 1-ноябрда жокко чыгарып, ага кол койгон статс-катчыга сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министрге сунуш жөнөткөнүн белгилеген.

Каримова бир жума ичинде училищенин эмгек жамааты менен жыйын өткөрүүгө да жетишип, ал учурдун видеосун өзүнүн Facebook баракчасына 1-ноябрда жарыялаган.

Анда залда отурган эмгек жамаатын көрүүгө болот. Каримова видеону тартып жатып ага түшүндүрмө дагы берген. Ырчынын айтымында, жыйынга окуу жайдын кызматкерлери 100 пайыз келип катышкан.

Самые популярные артисты в Instagram в КР - Sputnik Кыргызстан
Instagram тармагында күйөрманы көп ырчы ким? Көз күйдүргөн тизме
Каримова ошондой эле жыйында алдыдагы пландарды, жасала турчу иштерди сүйлөшкөнүн айткан.

Видеодо сүйлөп жаткандар Каримова "бүгүн келип жамаат менен расмий таанышып жатканын" белгилешкен.

Эскерте кетсек, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова буга чейин да "Сулайман-Тоо" музейинин директору болуп дайындалып, бирок коомчулуктун сынынан кийин кызматтан баш тартууга аргасыз болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0