Бишкектеги башкы туу жерге түшүп калды. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуНа площади Ала-Тоо в Бишкеке сорвало флаг КР
На площади Ала-Тоо в Бишкеке сорвало флаг КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринде Улуттук гвардиянын жоокерлери, ӨКМдин кызматкерлери иштеп жатат.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы туусу жерге түшүп калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирип, WhatsApp канал аркылуу бир нече адамдын аны калыбына келтирип жаткан сүрөтүн жөнөткөн.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБорбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы туусу жерге түшүп калды.
Борбор калаадагы Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы туусу жерге түшүп калды. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы туусу жерге түшүп калды.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуИштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткенин түшүндүрүшкөн.
Иштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткенин түшүндүрүшкөн. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Иштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткенин түшүндүрүшкөн.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуТуу 2-ноябрь күнү болжол менен саат 7.45терде түшкөн.
Туу 2-ноябрь күнү болжол менен саат 7.45терде түшкөн. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Туу 2-ноябрь күнү болжол менен саат 7.45терде түшкөн.
1/3
Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы туусу жерге түшүп калды.
2/3
Иштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткенин түшүндүрүшкөн.
3/3
Туу 2-ноябрь күнү болжол менен саат 7.45терде түшкөн.

Анын айтымында, иштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткенин түшүндүргөн. Туу 2-ноябрь күнү болжол менен саат 7.45терде түшкөн. Улуттук гвардиянын бир нече жоокери желекти бастырманын астына жыйнап коюшкан.

Трос ӨКМдин өрт өчүрүүчү кранынын жардамы менен калыбына келтирилип жатат.

Өз кезегинде шаар мэриясынын маалымат кызматы флагштоктун тросу үзүлбөгөнүн билдирди.

"Түндө аба ырайынын божомолун карап, боло турган шамал менен жаандан улам желекти алып салууну чечкенбиз. Аны менен бирге флагштоктун конструкциясын да ремонттон өткөрүү каралган", — дешти маалымат кызматтан.

Мэрия бүгүн өлкөнүн башкы туусу өз калыбына келе турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0