Сот “Коопсуз шаар” боюнча көз карандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгарды

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи.
Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрдын башында “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер өтүп, аны россиялык “Вега” аттуу компания жеңип алган. Анткен менен кийинчерээк көз карандысыз комиссия тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкектин райондор аралык соту “Коопсуз шаар” долбоору боюнча түшкөн арыздардын негизинде көз карандысыз комиссиянын чыгарган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен кабарлашты. 

Сентябрдын аягында көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия Байланыш комитетинин “Вега компаниясы тендерди жеңди” деген чечимин мыйзамсыз деп таап четке каккан. 

“Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин доо арызын райондор аралык сот канааттандырды. Жеңилген тарап 30 күндүн ичинде арыздана алат”, — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча акыркы конкурс сентябрдын башында өтүп, россиялык "Вега" радиокуруу компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок бул компанияга даттануулар түшүп, конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0