Турак жай сатып алуунун дагы бир жолу сунушталды. Механизм кандайча иштейт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖилой дом для переселения по программе реновации в Москве
Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлиги кыргызстандыктарга үй-жайлуу болууга жардам бере турган компания түзүүнү сунуштап жатат. Бул мүмкүнчүлүктөн ким пайдалана алат жана механизм кандай жол менен иштейт? Бул суроолорго аталган ведомство жооп берди.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Экономика министрлиги бөлүп төлөө шарты менен турак жай алууга мүмкүнчүлүк түзгөн мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Мында турак жай-сактоо кредиттик компаниясын (ТСКК) түзүү тууралуу кеп болууда. Компания кандайча иштеп, кимдер мындан пайдалана алары тууралуу Экономика министрлиги айтып берди.

Механизми кандай болот?

Жарандар анык бир эсепке акча чогултат. Сумма белгиленген чекке жеткенде программанын катышуучусуна жетпеген акчаны компания берет. Мындай аракет элдин үй-жайлуу болушуна көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Эсепке салган акчам программанын башка катышуучуларына берилеби же "айлантууга" жумшалабы?

Жок, сиздин акчаңыз эсебиңизде болот. Каражат эч кимге берилбейт, "айлантылбайт".

Компания акчаны кайдан табат?

Каражат бюджеттен түшөт. Компания мамлекеттин 100 пайыздык катышуусу менен жабык акционердик коом болот.

Пайыздары болобу?

Босого суммасы тактала элек, пайыз чектелер-чектелбеси да азырынча чечиле элек.

Мамлекеттик ипотекадан эмнеси менен айырмаланат?

Мамлекеттик ипотеканы мамлекеттик кызматкерлер гана ала алса, ТСКК ар бир кыргызстандык үчүн жеткиликтүү.

Мен мигрантмын, программа менен үй ала аламбы?

Ооба. Экономика министрлиги мигранттардын теңинен көбү чет мамлекетке дал ушул турак жай сатып алуу үчүн кетип жатканын эске алды.

Компания качан ишке кирет?

Ушу тапта бир катар мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр талкууга коюлду. Эгер аларды Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент кол койсо, министрлик мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгат. Компания эмдиги жылдан эрте түзүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0