Төшөк кумары даба болчу дарттар аталды. Тизме

© AFP / STRБөлмөдөгү аял жана эркек. Архив
Бөлмөдөгү аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумасына жок дегенде эки жолу сүйүктүүсү менен "эс алган" адамдын иммунитети башкалардыкынан 30 пайыз жогору болот.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Байма-бай дене кумарына батып туруу бир нече оорунун алдын алат. Бул тууралуу Bulletin of Experimental Biology and Medicine журналы жазып чыкты.

Мисалы, жумасына жок дегенде эки жолу сүйүктүүсү менен "эс алган" адамдын иммунитети башкалардыкынан 30 пайыз жогору болот.

"Сексуалдык жактан өтө активдүү эркектер жүрөк кан тамырлары ооруларына аз чалдыгат. Ошондой эле сасык тумоо, простатит сыяктуу илдеттерден оолак болот. Ал эми аял кишиники этек кири турукташып, ооруксунбай келет", — деп айтылат макалада.

Краевой центр лабораторных технологий в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар импотенцияга себепчи болгон генди тапты
Ал эми түркиялык окумуштуулар төшөк кумары бөйрөктөгү таштарды түшүрүүгө дагы пайдалуу экенин айтып чыгышкан.

Себеби эмнеде десеңиз, кумарга батуу учурунда адамдын ондогон, айрым учурда машыгуу залында оңой менен иштебей турган булчуңдары аракетте болот. Өзгөчө секс жүрөккө жана кан тамырларга жакшы таасир этип, айрым учурда жаңы капиллярлардын пайда болушун шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0