Sputnik Кыргызстан журналисттерди шахмат боюнча турнирге чакырат

© AP Photo / Mark LennihanШахмат столу. Архив
Шахмат столу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Кыргызстандын Шахмат федерациясынын колдоосу менен уюштурулууда.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Басма сөз күнүнө карата 5-ноябрда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу ЖМКлар арасында шахмат боюнча турнир өткөрөт.

Мелдеш FIDE эрежеси боюнча, швейцариялык система менен жети турда өтмөкчү (ар бир оюнчуга 10 мүнөт берилип, ошол убакыт бүткөндөн кийин оюн соңуна чейин бир жүрүшкө 5 секунддан берилет). Жеңүүчүлөр топтогон упайынын негизинде аныкталып, Sputnik агенттигинин кубогу, диплом жана байгелер менен сыйланат.

Иш-чара Кыргызстандын Шахмат федерациясынын колдоосу менен уюштурулууда.

"Журналистика — интеллектуалдык кесип, ошондуктан кесиптештерибиз үчүн шахмат турнирин уюштуруп жатабыз. Шахмат тактасында күч сынашып көрүү абдан кызык болсо керек. Катышуучулар ыкчамдыгын, стратегиялык ой жүгүртүүсүн көрсөтүшү керек. Бул мыкты журналистти мүнөздөөчү сапаттар", — деди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина.

Турнирге катышуу үчүн (0312) 98-69-33, (0550) 13-10-83, (0700) 13-10-83 телефондору аркылуу байланышып, билдирме таштоо зарыл.

Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун командасы Мол Булак Күз Деми — 2018 марафонуна катышты - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы күзгү марафонго катышты
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0