ӨКМ ашууларга жааган кар боюнча маалымат таратты

© Фото / пресс-служба МЧС КРТөө ашуудагы автоунаа. Архив
Төө ашуудагы автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтар 1-ноябрь саат 9.00гө карата алынган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактар аралык унаа жолдордогу кырдаал боюнча билдирүү таратты.

Маалыматтар 1-ноябрь саат 9.00гө карата алынган.

— Бишкек — Ош унаа жолунун 121-128-чакырымдарында (Төө-Ашууда) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 5-15 сантиметр, түштүк тарабында, 132-137-чакырымдарында 5-35 сантиметрди түзөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңгон. Ал эми 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлерине муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 2-10 сантиметрди түзөт.

— Өтмөк — Талас жолунун 0-14-чакырымдары, тагыраак айтканда Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-15 сантиметр, жолдор тайгак, муз тоңгон.

— Бишкек — Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 сантиметр.

— Каракол — Эңилчек авто унаа жолундагы 55-92-чакырымдарында (Чоң-Ашууда) кардын орточо бийиктиги 2-15 сантиметрге жетет. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

— Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун 62-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кардын орточо бийиктиги 5-15 сантиметрди түзөт, жолдор тайгак болуп муз тоңгон.

— Түп — Кеген автоунаа жолунун 43-76-чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-12 сантиметр, жолдор тайгак, муз тоңгон.

Эскерте кетсек, ӨКМ буга чейин 1-3-ноябрларда өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаай турганы кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0