11:57 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Коом

Кара көз айнекчен Саякбай Каралаев менен залкарлар чай үстүндө. Таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (45)
55420
Солдон оңго Саякбай Каралаев, драматург Касымалы Жантөшев, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, акын Кубанычбек Маликов, адабиятчы Өмүркул Жакишев жана жазуучу Аалы Токомбаев
из семейного архива Маликовых

Солдон оңго Саякбай Каралаев, драматург Касымалы Жантөшев, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, акын Кубанычбек Маликов, адабиятчы Өмүркул Жакишев жана жазуучу Аалы Токомбаев

Көз айнек тагынып отурган улуу манасчы Саякбай Каралаев менен драматург Касымалы Жантөшев, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, акын Кубанычбек Маликов, адабиятчы Өмүркул Жакишев жана жазуучу Аалы Токомбаевдин сүрөтү 1959-жылы Жалал-Абад облусунда тартылган.

Ал жылдары кыргыз интеллигенциясы эл аралап чыгармаларын окуп, манас айтып, үгүт иштери жүргүзүп келишкен.

Ошол кезеңди белгилүү манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев мындайча эскерет:

"Сүрөттөгү инсандар жыл сайын план коюп, айыл-кыштактарды аралап чыгарма, ырларын окуп мамлекеттик саясатты жүргүзүшчү. Көбүнчө сакмал, кыркын маалында жайлоолорго барып өздөрүнүн өнөрүн тартуулап турушкандыгын угуп калгам. Калемгерлерге комузчу, ырчы же манасчыларды атайын кошуп жиберишчү. Таланттар 1-2 жума бою элетти аралап жүрсө,  ал үгүт тобунун көркү ар дайым Саякбай Каралаев болгондугун айтышат. Малчылар, дыйкандар  "сакадай бою сары алтын" кишинин эл  алдына чыгуусун чыдамсыздык менен күтүшчү экен. Улуу манасчы кара көз айнекти зарылчылыктан улам кийиптир. Себеби адамдын жашы өтүп калганда көзү ооруп, жаш агып калат эмеспи. Ал киши өзүнө кам көрүп, сапаттуу көз айнектерди тагынчу экен", — деди Бакчиев.

Ошондой эле ал союз маалында акын-жазуучу, манасчылар кылган үгүт иштерге учурда да коомчулук суусап тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, ошол жылы залкар манасчы Саякбай Каралаев 65 жашта болгон.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (45)

Тема боюнча

Шаар четине чыгып урушуп келишчү. Рыскулов менен Күмүшалиеванын таберик сүрөтү
Чокморов Аринбасарованы эмнеге "таарынтты"? "Уландагы" таберик сүрөт
Белгилер:
Сүрөт, манасчы, Саякбай Каралаев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ