22:07 21 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Кыздын силуэти. Архивдик сүрөт

Бишкекте видеосу интернетке тараган аракеч энени милиция издеп жатат

CC BY 2.0 / Petra Bensted / Childhood wonder / cropped
Коом
Кыскача шилтеме алуу
250 0 0

Окуя 30-октябрь күнү Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын кызматкерлери мас болуп калган энени жана аны тургузууга аракет кылган кызды издеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаар милициясынан билдиришти.

Буга чейин редакцияга WhatsApp каналы аркылуу окурман 4-5 жаштагы жүдөө кийинген наристе мас апасын тургуза албай жаткан видеону жөнөткөн. Окуя 30-октябрь күнү Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

Милициядан билдиришкендей, Биринчи Май райондук өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын кызматкерлери жерине барып, эне-бала тууралуу тегерек-четте жашаган тургундарды сурамжылашты. Аларды издөө иштери бүгүн дагы улантылат.

Тема боюнча

Мас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео
Маршрутка сүзгөн наристе буту жок жөрмөлөп... Энесиз калган бөбөктүн тагдыры
Белгилер:
издөө, эне, кыздар, милиция, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ