Балдарды эмдетүү керек. Адистер жер-жерлерде окутууларды жүргүзүүдө

© Фото / Пресс-служба Госкомиссии по делам религииОбъяснительные работы в Ошской области
Объяснительные работы в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутууларды мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунда эрте никелешүүнүн кесепети, балдардын ден соолугун бекемдөөдө эмдөөнүн зарылдыгы, жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бул иш-чаралар жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аксакалдар, жаштар кеңештеринин, диний уюмдардын өкүлдөрүнө жана башка коомдук уюмдарга өткөрүлүп жатат", — деп айтылган таратылган кабарда.

Окутууларды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов, адистер, ИИМ, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү жана эксперттер жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0