19:51 17 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8305
  • EUR78.3044
  • RUB1.0857
Бишкектеги 7-кичи райондун тургундары 12 кабаттуу үйдүн курулушуна каршы болууда

Бишкектеги 7-кичи райондун тургундары көп кабаттуу үйдүн курулушуна каршы чыкты

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Коом
Кыскача шилтеме алуу
330 0 0

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңы имараттын пайдубалы үйлөргө өтө жакын салынууда.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкектеги 7-кичи райондун тургундары 12 кабаттуу үйдүн курулушуна каршы болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сымбат Каниметова билдирди.

  • Бишкектеги 7-кичи райондун тургундары 12 кабаттуу үйдүн курулушуна каршы болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сымбат Каниметова билдирди
    Бишкектеги 7-кичи райондун тургундары 12 кабаттуу үйдүн курулушуна каршы болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сымбат Каниметова билдирди
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Анын айтымында, курулуп жаткан имараттын жанында ДСК, мектеп жана угуусу начар балдар үчүн бакча бар
    Анын айтымында, курулуп жаткан имараттын жанында ДСК, мектеп жана угуусу начар балдар үчүн бакча бар
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Ошондой эле курулуп жаткан имарат №26 үйгө өтө жакын турат
    Ошондой эле курулуп жаткан имарат №26 үйгө өтө жакын турат
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Үйлөрдүн биринин дубалына президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу илинди.
    Үйлөрдүн биринин дубалына президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу илинди.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
1 / 4
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Бишкектеги 7-кичи райондун тургундары 12 кабаттуу үйдүн курулушуна каршы болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сымбат Каниметова билдирди

Анын айтымында, курулуп жаткан имараттын жанында ДСК, мектеп жана угуусу начар балдар үчүн бакча бар.

"Бул балдар үчүн коркунуч туудурат. Мисалы жүк ташыган автоунаалар мектептин аянтынан бурулуп жатат. Ал жакта балдар дене тарбия менен машыгат", — деди ал.

Ошондой эле курулуп жаткан имарат №26 үйгө өтө жакын турат.

"Курулуштун фундаменти жок дегенде 20 метр алыс болушу керек эле, бирок бул курулуштуку 5 эле метрди түзүп жатат. Анын кесепетинен №26 үйдүн фундаменти бузула баштады. Биз куруп жаткан тараптын жерин тартып алгыла деп талап кылган жокпуз, болгону 12 кабаттуу имараттын курулушуна каршыбыз. Бул кичи райондо бир бейтапкана, үч бала бакча бар. Алардын бардыгы толуп калган. Жаңы жашоочулар кайда барат", — деди Каниметова.

Анын айтымында, тургундар курулушка 2016-жылдан бери эле каршы болуп келе жатат. Үйлөрдүн биринин дубалына президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу илинди. Каниметова жергиликтүү тургундар мындан ары да каршылыгын билдире берерин айтып, керек болсо кире беришин тосуп алганга чейин барышарын кошумчалады.

Тема боюнча

Үй алам деп алдангандар. Бир үлүшчү көз жуумп, үчөө инсульт алды
Белгилер:
каршылык, митинг, курулуш, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ