БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Ыкчам маалыматтар боюнча жыл башынан бери 43 жума ичинде сасык тумоо менен ооруган 3756 учур катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 8,3 пайызга аз экенин Cаламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ошол эле учурда сасык тумоо лабораториядан тастыкталган эмес. Негизинен сасык тумоого 14 жашка чейинки балдар көп кабылат. Алар жалпы ооругандардын 64 пайызын түзөт.
"Бул дарт негизинен декабрдан тарта февралдын аягына чейин өрчүйт. Сасык тумоо вирусу улам өзгөрүп тургандыктан жыл сайын эмдөө жүргүзүлүп турат", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин ырасташынча элдин баары эмдөөдөн өтүшү керек. Биринчи кезекте сасык тумоодон кийин оорусу күчөп кете турчулар, 6 айдан ашкан ымыркайлар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан жогорку карылар, өнөкөт дарты барлар эмдөөдөн өтүшү шарт. Ошондой эле медициналык жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери да эмдөөнү көңүл сыртында калтырбашы зарыл.
Андан сырткары, Глобалдык саламаттык сактоо корпорациясы менен Өнөктөштүк долбоорунун алкагында АКШдан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аркылуу гуманитардык негизде 70 000 доза вакцина алуу боюнча келишимге кол коюлду. Учурда дарынын өлкөгө келиши күтүлүүдө.
Ошондой эле сасык тумоону алдын алуу үчүн Бишкек шаарында эмдөө жүргүзүлүүдө. Анын баасы 500 сомдон 650 сомго чейин.