Мэрия темир жолго такалган үч көчөнү Лев Толстойго алып чыгат

© Sputnik / Акылбек БатырбековИсанов көчөсүндөгү автоунаалар. Архив
Исанов көчөсүндөгү автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөлөрдүн Лев Толстойго түз чыгышына темир жол менен жылуулук трассалары тоскоолдук жараткандыктан, жаңы жолдун маршруту өзгөрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Бишкекбашкыархитектура" ишканасы борбор калаада бир нече көпүрө жол салуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жыйынга вице-мэр Бакытбек Дүшөмбиев, ишкананын адистери жана көпүрө жолдорду курган белоруссиялык компаниянын өкүлдөрү катышты.

"Адистер Акиев, Үмөталиев жана Исанов көчөлөрүн Лев Толстойго чейин "узартуу" пландарын талкуулашты. Аталган көчөлөргө уланчу жолдор көпүрө жол катары же жер астынан өтмөкчү. Долбоордун негизги мактасы — шаардын борбордук аянтын тыгындан бошотуу",— деп айтылат билдирүүдө.

Аталган көчөлөрдүн Лев Толстойго түз чыгышына темир жол менен жылуулук трассалары тоскоолдук жараткандыктан, жаңы жолдун маршруту өзгөрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0