09:11 24 Чын Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7009
  • EUR78.4240
  • RUB1.0927
Мобилдик телефон. Архивдик сүрөт

Бишкек мэриясы арыздарды эми мобилдик тиркеме аркылуу кабыл алат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
10610

Муниципалитет расмий түрдө "Бишкек 312" мобилдик тиркемесин ишке киргизди.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаа тургундарынын арыз, сунуштарын мобилдик тиркеме аркылуу кабыл ала баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мэрия расмий түрдө "Бишкек 312" мобилдик тиркемесин ишке киргизди.

"Тиркемени PlayMarket жана AppStore интернет дүкөндөрүнөн көчүрүп алууга болот. Активация үчүн аты-жөнүңүздү, телефон номериңизди көрсөтүп, тиги же бул тайпага киришиңиз керек", — деп айтылат маалыматта.

Тиркеменин колдонуучулары үчүн коомдук транспорт, жол куруу, коммуналдык чарба, социалдык мекемелердин иши, жашылдандыруу боюнча бөлүмдөр жеткиликтүү. Ошондой эле жарандар сунуштарын "Бишкек шаарынын мэриясынын расмий каналы" бөлүгүнө калтыра алышат.

Тема боюнча

Бишкекте жаңы бульвар курулат
Белгилер:
мобилдик тиркеме, арыз, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ