100 сомдук купюра чет элдик аукциондо миңдеген рублге сатылып жатат

Жазылуу
Анын баштапкы баасы сегиз миң рубль деп белгиленди.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Россиялык Nmiland интернет-аукционунда 100 сомдук купюра сатыкка коюлуп, баштапкы баасы сегиз миң рубль (8 500 сом) деп белгиленди.

Демек, ал өз наркынан 85 эсе кымбат сатылууда.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир сом номиналындагы акча үч миң эсе кымбат сатылууда. Себеби
Адистер анын наркы эмнеге  жогору экендигин түшүндүрүп беришти. Бул купюра жарактан чыгып калган сомдорду алмаштырып, анын ордуна чыгарылган, атайын тираждагы акча экендиги айтылды. Адатта ал өтө аз санда жасалып, катар номерлери да тетири болот. Ошондуктан, коллекция чогулткандардын арасында абдан бааланат дешти.

Буга чейин Кыргызстандын 20 тыйыны аукциондо 300 долларга сатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0