17:04 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Лондон шаарындагы Вестминстер университетинен бүтүрүүчүсү Мавлюда Жапарова

Жапарова: Лондондо окушума зордукталган эки жашар Ибрагимдин тагдыры түрткү болду

© Фото / из личного архива Мавлюды Жапаровой
Коом
Кыскача шилтеме алуу
283210

Мавлюда Жапарова жакында Лондон шаарындагы Вестминстер университетинен магистратураны аяктап келди. Ал Улуу Британияга жолдошу жана үч жаштагы кызы менен бирге барып билим алган.

Учурда Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондусунда (ЮНИСЕФ) иштейт. Ал Вестминстер университетинде Коом менен байланыш бөлүмүндө окуп, алган билимин Кыргызстандагы балдарды зордук-зомбулуктан коргоого жумшагысы келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги Мавлюда Жапарова менен жолугуп, чет жерде окуу жана жашоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу баарлашты.

— Улуу Британияда билим алууңузга эмне түрткү болду?

— Окууга тапшыруума 2015-жылдагы Ибрагимдин (аталаш туугандары тарабынан катуу сабалып, зордукталган эки жашатагы бала – ред.) окуясы себеп болгон. Ушул окуя чынында эле менин жүрөгүмдү катуу ооруткан. Буга байланыштуу биздин фонду өкмөт менен бирге катуу иштеди. ЖМКларга маалыматтарды жарыялап, мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бирок, мен коом менен байланыш адиси катары ишибиз канчалык деңгээлде балдардын жашоосуна таасир этти, алардын тагдыры өзгөрдүбү, зомбулук азайдыбы деген суроолорго жооп издей баштадым. Мүмкүн каражатыбызды, энергиябызды, убактыбызды туура колдоно албай калгандырбыз? Балким дагы жакшыраак аракет кылсак балдарга пайдабыз көбүрөөк тиймек? Жүрөгүмдү өйүгөн ушундай суроолорго жооп алыш үчүн окуш керек деген чечимге келдим.

Выпускница университета Вестминстер в Лондоне Мавлюда Жапарова
© Фото / из личного архива Мавлюды Жапаровой
Жапарова: чет өлкөгө окууга тапшыруума жакындарынан запкы көргөн Ибрагимдин окуясы себеп болгон

– Сиз Лондондо Chevening стипендиялык программасы аркылуу окуптурсуз. Ушул программа тууралуу айта кетсеңиз?

– Негизи бул аябай мыкты, пайдалуу бирок, татаал программа. Башка өлкөлөрдө магистратура эки жыл болсо, "Chevening" аркылуу Улуу Британияда бир жыл окуйсуң. Экинчиси, окуу жайды өзүң тандоого мүмкүнчүлүк берилет. Башка программаларда көбүнчө университетти өздөрү сен үчүн тандап коюшат.

Мен барган жылы дүйнө жүзүнөн 54 миң адам сынакка катышкан. Алардын ичинен 1 700 киши гана өткөн. Өлкөлөргө калктын санына жараша квоталар берилет. Мени менен чогуу бизден 7 адам өткөн. Бирок, жыл өткөн сайын алардын саны дагы да көбөйөрү айтылууда.

– Өзүңүздүн сынактан өтүү таржымалыңызды айта кетсеңиз?

– Негизи, бул программа үч окуу жайды тандоого мүмкүнчүлүк берет. Мен өзүм тандаган үч университетке тең өттүм. Бирок, Лондондогу Вестминстер университетинин Коом менен байланыш бөлүмүн тандадым. Анткени менин жүрөгүмдү өйүткөн көйгөйлөргө жооп ала турган, бул жаатта билимимди дагы да тереңдете турган бөлүм эле.

Программага тапшырып жатканда жазган эссемде, интервьюларда окууну бүтүп келген соң билимимди балдар үчүн жумшайм деп айткам. Башкы максатым балдарга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу болчу. Бул жакта жумуштагылар да бир жылга уруксат беришкен. Андыктан иш ордум сакталуу эле. Лондондо окуп жүргөндө да бул оюмдан кайткан жокмун. Диссертациям да "Кыргызстанда балдарга каршы зомбулукту алдын алуу үчүн жүрүш-турушту өзгөртүүнүн кайсы модели жарактуу" деген темада жаздым. Диссертацияма өтө жогорку баа алдым. Буюрса, кызыл диплом алам деп турам. Жакында кайрадан Лондонго барып дипломумду алып келем.

Выпускница университета Вестминстер в Лондоне Мавлюда Жапарова
© Фото / из личного архива Мавлюды Жапаровой
Айына 1 307 фунт стипендия алып окуган

– Каражат жагы кандай болду?

– Программа билим алуунун акысын, ошондой эле, барып-келиш билетиңди, визага кеткен каражатты да төлөп берет. Лондондо окуган студенттерге айына 1 307 фунт стипендия берилет. Бул бир студент үчүн жетишээрлик эле акча. Бирок, мен үй-бүлөм менен барганым үчүн бир аз башкачараак болду. Үй-бүлөлүүлөргө жатакана берилбегендиктен батирде турдук. Лондон өзү да өтө кымбат шаар. Бирок, жолдошум кошумча жумуш кылып, ага чейин топтогон каражатыбыздын да жардамы менен көп кыйналган жокпуз. Батирге чыгуу чоң маселени жаратты. Лондондо бүлөлүүлөр үчүн үй табуу татаал маселе экен. Аларда балдарды коргоо мыйзамдары катуу иштегендиктен, бала-чакалууларга ижарага бергилери келишпейт. Анткени, бир кокустук болуп кетсе мыйзам алдында жооп берүү керек болгондуктан ашыкча жүк алууну каалашпайт. Кызым София үч жашта, ал да башында көнө албады. Бирок, жакшы бала бакча таптык. Ал жакта бала үч жашка чыкканда өнүгүү сабактарын акысыз алууга толук укугу бар деген жакшы мыйзам бар экен. Бирок, биз толук күн үчүн акы берип жаттык. Тарбиячылар да атайын кызым үчүн күнүмдүк жашоого керектүү орусча сөздөрдү үйрөнүшүп, тил табышты.

– Лондондо жүргөн бир жыл ичинде кандай айырмачылыктарды байкадыңыз?

– Негизи көп нерсе башкача экен. Мисалы, бизде убакыт өтө шашпай өтөт. Биз жайбаракат калкпыз. Ал жакта баары убакыт менен жашашат. Күнүмдүк жашоосу так пландалган. Кишилер өтө кичипейил. Ар дайым жылмайып, рахматын айтып турушат. Биздин да жашоо образыбыз, көп нерсеге көз карашыбыз өзгөрдү.

Выпускница университета Вестминстер в Лондоне Мавлюда Жапарова
© Фото / из личного архива Мавлюды Жапаровой
Жапарова: Лондондо кишилер өтө кичипейил, ар дайым жылмайып жүрүшөт экен

– Билим берүү системасы кандай таасир калтырды?

– Албетте, билим берүү системасында биз менен салыштырмалуу айырмачылыктар көп. Мисалы, жөнөкөй эле нерсе, эгерде көлөмдүү эссе жазсаң, аны интернет аркылуу текшеришет. Эки миң сөздүк эсседе үч-төрт сөз башка бирөөнүн эмгегине окшоп калса плагиат катары кабыл алынат. Ошондой эле курстун башчысы (кафедра башчысы – ред.) ар дайым биз менен кезигип жатты. Окуу шарттары кандай, эмне жакты же эмнеси жаккан жок, кандай кыйынчылыктар болуп жатат, эмненин өзгөрүүсүн каалайсыңар деп сурап турду. Кыргызстанда чоңдор менен сүйлөшкөндө оюбуздагы нерсени ачык айта албайбыз. Ал жакта студенттер баарын ачык айтып, талаптарын коё алышат экен. Мугалимдер да сабактан сырткары жолугуп, бир эле окуу эмес башка маселелер боюнча да кеңештерин айтышат экен. Ошондой эле китепканасы да аябай бай. Татыктуу билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

– Биздеги англисче ал жакта билим алууга жетишээрлик бекен?

– Ооба, кыйналбай билим алса болот. Бирок, баары бир кандайдыр бир деңгээлде бул тилди жакшыртуу керек. Мен өзүмдүн англисчемди өтө укмуш деп айта албайм. Бирок, мектептен баштап чет элдик ыктыярчылар менен иштеп жүрүп, анлисчени үйрөнгөн элем. Студенттик кезде да эки жолу АКШга долбоорлор менен барып келгем. Тилди жакшылап үйрөнүүгө аябай аракет кылгам. Аны менен бирге эле жумушум да англис тили менен байланыштуу.

Выпускница университета Вестминстер в Лондоне Мавлюда Жапарова
© Фото / из личного архива Мавлюды Жапаровой
Кыргызстандык кыз Лондон шаарына үй-бүлөсү менен чогуу кеткен

– Ушул программа аркылуу Улуу Британияда окусам дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз?

– Бул тууралуу мен Facebook баракчамда эки чоң пост жазгам. Ал жерде программага тапшыруунун жолдору көрсөтүлгөн. Биринчи пост Chevening программасы тууралуу болсо, экинчиси англис тили боюнча сынак жөнүндө. Бирок, ар бир университеттин талаптары ар башка болгондуктан, алгач жакшылап текшерип алуу керек. Эң негизги кеңешим алдыдагы 5-10 жылдагы пландарды тактап алуу зарыл. Аткени, бул программа ошого аябай чоң басым жасайт. Интервьюда, эсседе өз жашооңду кандай көрөөрүң, пландарың тууралуу сурашат. Максатың жөн эле диплом алуу же чет өлкөнү көрүү болсо комиссия оңой эле билип алат. Аларга так, туруктуу пландары бар, өз жолун билген кишилер керек.

– Алган билимиңизди жумушуңуз менен айкалыштыра алам деп ойлойсузбу?

– Лондондо окуп жүрүп балдарга жасалган зордук-зомбулукту көп изилдедим. Диссертациямды да ушул жаатта жаздым. Балага ата-энеси көптөгөн факторлордон улам зомбулук көрсөтөт. Биринчиден, аял канча жашында турмушка чыкты, канчасында балалуу болду, билими, ата-энеси менен мамилеси кандай, үй-бүлө бири-бири менен кандай баарлашат, турмушу кандай, канча балалуу деген суроолор маанилүү. Үй-бүлөдө стресстин бар же жоктугуна да көңүл буруу керек. Анткени стресс болсо, бала зомбулукка кабылат. Үй-бүлөдө баланын саны экиден көп болсо, баланы уруу тобокелчилиги 26 пайызга көбөйөт. Андан соң жалпы коомду алып кароо зарыл. Коомдогу мыйзамдар, маданият кандай? Экономикалык абал да маанилүү. Үй-бүлөнүн кирешеси көбүйүп, аялдын билим деңгээли жогорулаган сайын зомбулук токтойт. Андыктан, чет өлкөдө алган билимимди бул жаатта туура колдоном деген үмүттөмүн.

Тема боюнча

Япониядагы ашпозчу Асылбек: айына 3500 долларга чейин айлык алам
Жиу-житсу боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси Малика: төрт баланын энесимин
Белгилер:
окуу, студент, укук, билим, аялдар, бала, зомбулук, Лондон

ЭҢ МААНИЛҮҮ