Аман экен! Ошто жоголгон өспүрүм кыз жашаган аймагынан табылды

Жазылуу
Кыз үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам үйүнөн чыгып кеткен дешти.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ош шаарынын Салиева кѳчѳсүндө жоголуп кеткен 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева өзү жашаган кичи райондон табылды. Бул туурасында Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Кочкорбаева 2018-жылы 25-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында Ош шаарынын Райымбеков кѳчѳсүндѳ жайгашкан №7 Нариман орто мектебинен чыгып кеткен бойдон үйүнө келген эмес.

Ал эртеси түшкө жакын өзү жашаган Манас-Ата кичи районунан милиция кызматкерлери тапкан.

"Кыздын айтымына караганда, үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам үйүнөн чыгып кеткен. Түн кирип баратканда өспүрүмдүн көчөдө жүргөнүнөн чочулаган кайрымдуу адамдар чочулап, үйүнө түнөткөн. Биз барганда же үйүнө же мектепке бара албай көчөдө жүрүптүр", — деп айтылат маалыматта. 

Мекеме ошондой эле кыздын ата-энеси менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0