Бишкекте Айтматовдун мааракесине карата окуучулар ортосунда сынак өтөт

© Sputnik / Борис Кауфман / Медиабанкка өтүүЖазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада Бишкектеги №10, 16, 32, 33, 35, 46 мектептин окуучулары ат салышат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбор калаада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата окуучулар арасында сынак өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, кароо-сынак Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында уюштурулат.

"Иш-чарага Бишкектеги №10, 16, 32, 33, 35, 46 мектептин окуучулары катышып, жазуучунун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде спектакль коюп, викториналык суроолорго жооп берет", — деп жазылат маалыматта.

Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылат. Окуучулар ортосундагы интеллектуалдык таймаш 26-октябрда саат 10:00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0