Түшкөн жалбырактарды өрттөгөндөр айыпка жыгылат

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүВторой медиасубботник в Нескучном саду
Второй медиасубботник в Нескучном саду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйгөн жалбырактан уулуу ис чыгат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбор калаада таштанды жана  түшкөн жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салына турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын алдындагы Санитардык-экологиялык инспекция билдирди.

Маалыматка ылайык, ушу тапта жалбырак өрттөө күчөп турган маал. Инспекторлор байма-бай текшерип, тартип бузган жеке тараптарга 2000 сом, юридикалык тараптарга 10 миң сом айып пул салынмакчы.

"Күйгөн жалбырактан чыккан ис ден соолукка зыян. Аны өрттөө шаардын биотүрдүүлүгүн жок кылат", — дешти инспекциядан.

Мыйзам бузгандарды көрүп-билгендер болсо 185 (мэриянын Call-борбору) же (312) 65-81-59 (Санитардык-экологиялык инспекция) телефондору аркылуу билдирсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0