Кашкар Жунушалиев милиция элдин ишеничинен кеткенин моюндады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив
Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, элдин милицияга кетип калган ишенмин кайра кайтаруу үчүн көп иш жасоо керек.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргыз милициясы акыркы жылдары элдин ишениминен кеткенин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында айтты.

Иш-чара ИИМ имаратында өтүүдө. Министр тогуз айдын жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдө.

"Милиция акыркы убакта элдин ишеничинен кетип калдык. Аны кайтаруу оңой эмес. Көп иш жасоо керек, ага карабай биз ар бир жаран милиция кандай болгон күндө да жардамга келет деген ишенимин кайтаруу үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз", — деди ИИМ жетекчиси.

Эскерте кетсек, Жунушалиев министрликти үстүбүздөгү жылдын 2-июнунан тарта жетектеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0