БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанда айрым өсүмдүктөрдүн үрөнү жарым-жартылай тартыш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Ал ошондой эле бүгүн өлкө аймагында 109 үрөн чарбасы бар экенин айтып, алар ар бир өсүмдүк боюнча жылына 20 миң тоннага чейин үрөн өндүрө турганын белгиледи. Бул жалпы муктаждыктын 30 пайызын гана жабат.
Депутат Руслан Казакбаев чет жактан алынган үрөндү ким текшере турганына кызыкты.
Эл өкүлү өз кезегинде ишкерлерге Америкадан, Кытайдан, Өзбекстандан үрөн алып кирүүгө уруксат берүү керектигин айтып, колдоо зарылдыгын кошумчалады. Анын айтымында, мындай жолго ишкерлер мамлекет тарабынан, айыл чарба министрлигинен жардам болбогондуктан айласыздан барарын белгиледи.
Андан сырткары, Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы Кыргызстанда коңшу мамлекеттерде жок Кытай пахтасынын үрөнү бар экенин айтып, быйыл аны айдаган фермелер гектарынан 65-75 центнерден түшүм алганын белгиледи.