Сөөктү жерге берүү үчүн канча акча жана эмне документ керек? Расмий маалымат

Жазылуу
Жакын адамдын өлүмүнө күбө болгон убакта кайда кайрылуу керек, өлкөнүн көрүстөндөрүнүн биринде жерге берүү үчүн кайсы документтер зарыл, ошондой эле маркумдун өлүмүнөн кийинки жөлөк пулду кантип алууга болот? Sputnik Кыргызстандын кезектеги материалы дал ушул туурасында.

Макала аза кызматын көрсөткөн агенттиктери, юристтер, Бишкек өлүкканасынын адистери берген жана Юстиция министрлигинин сайтында жайгаштырылган расмий маалыматтын негизинде даярдалды.

Адам каза болсо кайда кайрылуу керек?

Эгер адам каза тапса, дароо милицияга кайрылуу абзел. Участкалык инспектор менен соттук-медициналык эксперт келет. Милиция кызматкери сөөктү карап чыккандыгы боюнча протокол түзөт, ал эми сотмедэксперт киши колдуу болуп-болбогондугу боюнча бүтүм чыгарат.

Мусульманское кладбище - Sputnik Кыргызстан
Жамандык, өлүм-житимге байланыштуу 15 "болбойт"
Эгер соттук-медициналык эксперт киши колдуу болгон деп тапса же өлүмдүн эч кандай объективдүү себептери такталбаса, анда сөөктү өлүкканага патологоанатомдордун изилдөөсүнө жөнөтүшөт. Бардык экспертизалардан кийин өлүм себеби аныкталат. Эгер кырсык жолдо болсо, анда маркумдун сөөгү ошол жерден соттук-медициналык өлүкканага жиберилет.

Жогоруда айтылгандардын эч бирине маркумдун жакындары акы төлөбөйт.

Ички иштер органдарынын өкүлү чакырылып, сөөктү карап чыккандыгы боюнча протокол түзүлгөндөн кийин каза болгон киши көрүнүп жүргөн бейтапканага төмөнкү документтерди чогултуп алып кайрылуу зарыл:

— милиция кызматкеринин сөөктү карап чыккандыгы боюнча протокол, соттук-медициналык эксперттин ырастамасы;

— медициналык полис жана маркумдун амбулатордук картасы;

— маркумдун паспорту же анын өздүгүн аныктаган документ, ошондой эле кайрылып жаткан жакынынын паспорту.

Сөөктү союу керекпи? Бул канча турат?

Сөөктү патологоанатомиялык союу зарылдыгын өлүмдү ырастоого келген дарыгер аныктайт.

Эгер эксперт өлүм себебин аныктоодо эки анжы болсо, маркумдун сөөгүн изилдөөгө патологанатомиялык бөлүмгө жеткирүү үчүн атайын медициналык кызматка өзү кайрылат.

Бишкектин өлүкканасында изилдөө 2015-жылдан бери акысыз жүргүзүлөт. Бул кызмат каза болгон кишинин сөөгүн бальзамдоо, грим сүйкөө өңдүү процедураларды камтыбайт.

Өлүм боюнча күбөлүктү кантип алууга болот?

Өлүктү түшүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча издеп, ажал тапкан мигранттар. Жүк-200дү алып келүү канткенде жеңилдейт
Өлүм боюнча врачтык күбөлүктү маркум мурда көрүнүп жүргөн райондук бейтапкана жазып берет. Аны алуу үчүн каза болгон кишинин паспорту жана күбөлүк алууга кайрылган жакынынын паспорту зарыл, бул документ маркумдун бир тууган жана жакындарынын бирине гана берилет.

Бул документтердин негизинде райондук бейтапкана же маркум катталган жердеги ооруканадан өлүм боюнча медициналык күбөлүк жазып берилет.

Ошондой эле өлүм боюнча жарандык күбөлүк да алууга туура келет. Анүчүн райондук ЗАГСка кайрылуу зарыл. Ал мекемеге кайрылардан мурун колдо төмөндөгү документтер болушу шарт:

— өлүм боюнча медициналык күбөлүк;

— маркумдун паспорту, ал болбосо, турак жай китепчесинен көчүрмө;

— кайрылган жакынынын паспорту.

Бул ырастама менен сөөктү коюуга социалдык жөлөк пул алууга болот.

Сөөк коюу ырасымы кайсы жерде өтөт? Сөөк көмүү канча турат?

Сөөк маркум катталган же каза тапкан жеринде жерге берилет.

Кыргызстанда эки миңден ашуун көрүстөн бар. Белгилей кетсек, Чүй облусунда гана көрүстөндөн орун алуу үчүн акы төлөш керек. Ички миграциянын жапырт башталгандыгынан улам ушундай көрүнүш келип чыккан.

Көрүстөндөрдүн бирине сөөк коюу үчүн жергиликтүү райондук администрация же айыл өкмөтүнө кайрылуу абзел. Сөөктү коюу акысы жергиликтүү бюджетке кетет. Бул суммага көрүстөндөгү орун баасы гана кирет. Сөөк көмүүчүлөрдүн акысы өзүнчө төлөнөт, анын өлчөмү тууралуу көрүстөнгө көз салуучу менен сүйлөшүлөт. Ал өз кезегинде мүрзө казуу үчүн жумушчуларды табат. (жумушчулардын ишин уюштурат).

Сөөк коюуга мамлекеттен кантип жөлөк пул алыш керек?

Бул төлөмдү бардык жарандардын алууга акысы бар. Анын өлчөмү — 1000ден 7000 сомго чейин. Мамлекет бул каражатты төлөп бериши үчүн төмөнкү документтердин топтому керектелет:

— сөөк коюу үчүн жөлөк пул төлөп берилиши боюнча арыз;

Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Киши көмүлгөн деген мүрзөдө сөөк жок болуп чыкты. Көрүстөндөгү алдамчылык
— кайсы жерде жайгашкандыгына карабастан, КР ЗАГСынан берилген өлүм боюнча ырастама же өлүмү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

— маркумдун акыркы жашаган жеринен анын үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу тастыктама;

— кайрылган кишинин жашаган (катталган) жери көрсөтүлгөн өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (сөөктү жерге берчү адамдардын);

— өлүк коюу ырасымын аткаруучу агенттик же айыл өкмөтү, үй жана кварталдык комитеттердин сөөк коюу фактысын тастыктаган ырастама кагазы;

— төлөм которула турган банк эсебинин реквизиттери.

Жөлөк пулду алуу үчүн маркум жашаган жердеги социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0