Бишкектин бир катар аймагы эртең да жарыксыз калат. Тизме

Жазылуу
Электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Борбор калаа Бишкектин айрым жерлеринде 22-октябрда оңдоо иштерине байланыштуу  электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

— 09.00-18.00 — Гоголь көчөсүндөгү №12 үйдө, Көк-Жар жаңы конушунун Кулмурзаев, Арстанбап жана Керемет көчөсү;

— 09.00-17.00 — Дордой-2, Эне-Сай, Келечек жаңы конушунда жана айланма жолдун түштүк тарабы Алма-Ата көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин;

— 09.30-18.00 — Ак-Бата конушунун 9, 10, 11, 12, 13 жана 14-көчөсүндө, Панфилов, Медеров, Түлөбердиев, Саадаев, Манас, Можайск, Үч-Коргон, Кулиев, Кочетавск көчөсү менен Тихвинский тар көчөсүндө;

— 09.30-14.00 — Камчатка, Астрахань, Краснодар көчөсү менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо;

— 09.30-12.00 — Кара-Жыгач конушунда;

— 12.00-15.00 — Көк-Жар конушунун Коңорчок, Көк-Жар жана Шоокум көчөсүндө;

— 14.00-17.00 — Арча-Бешик конушунун Арча-1, Баба-Ата, Узун-Булак көчөсүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0